Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:20

Кыргыз өкмөтү өзбек делегациясын чакырат


Кыргыз делегациясынын Анжияндагы жолугушуусу.
Кыргыз делегациясынын Анжияндагы жолугушуусу.

Кыргыз-өзбек кызматташтыгын күчөтүү максатында кыргыз өкмөтү Өзбекстандан атайын делегацияны Кыргызстанга чакырганы жатат. Бул тууралуу “Азаттыкка” өкмөттүн маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Толгонай Стамалиева билдирди.

Ал өкмөт башчы тарабынан атайын тапшырма берилгенин кошумчалап, бул өзбек тараптын достук жолугушуусуна жооп катары боло турганын айтты. Азырынча өзбек делегациясынын Кыргызстанга качан келери аныктала элек.

1-октябрда вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев башында турган кыргыз делегациясы Анжиянга барып келген. Өзбек тараптын чакыруусу менен өткөн иш-чарада кыргыз-өзбек кызматташтыгын өнүктүрүү маселелери каралган.

Жолугушуу учурунда кыргыз делегациясы Анжиян мамлекеттик университети, достук үйү жана кыргыз диаспорасы менен жолугушкан. Жыйынтыгында Кыргызстан менен Өзбекстандын чек аралаш облустары арасында кызматташтык тууралуу меморандумга кол коюлган.

XS
SM
MD
LG