Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:56

Путин жаңы шайланган Мамлекеттик Думада сөз сүйлөйт


Мамлекеттик Дума
Мамлекеттик Дума

Орусия президенти Владимир Путин Мамлекеттик Думанын жаңы шайланган курамына бүгүн кайрылуу жасайт. 18-сентябрдагы парламенттик шайлоодо башкаруудагы "Бирдиктүү Орусия" партиясы мыйзам чыгаруу органынын төмөнкү палатасында конституциялык көпчүлүккө ээ болгон.

Думага өткөн калган үч партия – коммунисттер, либерал-демократтар жана "Адилеттүү Орусия" партиясы Путиндин саясатын колдошот. Ал эми Кремлди сындап жүргөн либералдар мандаттардан куру калышкан.

Добуш берүүгө 50 процентке жетпеген шайлоочулар катышканы расмий маалымдалган.

Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму өнөктүк процедуралык мыйзам бузуулар менен өткөнүн сындаган.

XS
SM
MD
LG