Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:07

“Ыйман” фондуна Катар өлкөсү грант бөлөт


Катардын кайрымдуулук фондунун жана кыргыз өкмөтүнүн өкүлдөрү жана Катардын Кыргызстандагы элчиси Мухаммед Бин Арар Аль-Наимини.
Катардын кайрымдуулук фондунун жана кыргыз өкмөтүнүн өкүлдөрү жана Катардын Кыргызстандагы элчиси Мухаммед Бин Арар Аль-Наимини.

Катардын мамлекеттик кайрымдуулук фонду Бишкекте өз өкүлчүлүгүн ачат. Бул тууралуу "Ыйман" диний маданиятты өнүктүрүү фондунун төрагасы Нуржигит Кадырбеков менен Катар элчиси Мухаммед Бин Арар Аль-Наиминин жолугушуусунда белгилүү болду.

Кадырбековдун “Азаттыкка” билдиришинче, Катар өлкөсү атайын китептерди чыгаруу үчүн басмакананын курулушуна жардам берүү ниетин билдирди.

- Алгач алты долбоорду жөнөткөнбүз, алардын ичинен бир долбоорду жактырышты. Жыйынтыгында басма үйүн ачуу үчүн 500 миң доллар өлчөмүндө жардам берүүгө даяр экенин айтышты. Биз долбоорду дипломатиялык каналдар аркылуу жөнөткөн элек. Алдыда айрым бир такталчу маселелер бар, ошондон соң каражат бөлүнмөй болду.

“Катар” кайрымдуулук коомунун 25 өлкөдө кеңсеси бар. Аталган коом UNICEF, БУУ өңдүү эл аралык уюмдар менен да кызматташат. (SDz)

XS
SM
MD
LG