Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:50

Жалал-Абад: Конституция боюнча түшүндүрүү иштери жүрүүдө


Кыргызстандын Баш мыйзамы.
Кыргызстандын Баш мыйзамы.

Атайын түзүлгөн демилгечи топ бүгүн журналисттерге алгачкы маалымат жыйынын өткөрүп, өзгөртүлүп жаткан Баш мыйзамдын беренелери боюнча маалымат беришти. Демилгечи топтун мүчөсү Жеңиш Эрназаров:

- Өзгөрүлүп жаткан Баш мыйзам жана референдум боюнча эл арасында таптакыр маалымат жок экендигин билдирип, бул багытта өз алдыбызча элге түшүнүк берели деп чыктык. Чындыгында түшүнбөй жатып эл кантип референдумга барат, – деди Эрназаров.

Демилгечи топтун курмамында юристтер, журналисттер жана коомдук ишмерлер бар. Алар эми жергиликтүү бийлик менен биргеликте айылдарда атайын жыйындарды уюштурганы турушат.

Конституцияны референдум менен өзгөртүү демилгеси парламентте биринчи окууда жактырылган.

Айрым депутаттар жана жарандык активисттер жаңы Баш мыйзам Кыргызстанды парламенттик башкаруудан алыстатып, президенттик башкарууну орнотот деп, ошол эле учурда өкмөткө эбегейсиз чоң ыйгарым укуктар берилип жатканын белгилешүүдө. (RsK)

XS
SM
MD
LG