Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:14

Санкт-Петербургдун аткаминерлери чет өлкөлүктөр менен жолуккан сайын отчет берет


Санкт-Петербург.
Санкт-Петербург.

Санкт-Петербург шаарынын аткаминерлери чет элдик жарандар менен жолугушуулары тууралуу отчет берүүгө милдеттендирилди. Шаар өкмөтү бекиткен токтомго ылайык, чиновниктер чет өлкөлүк уюмдардын өкүлдөрү менен кездешүүлөрү жөнүндө квартал сайын атайын анкетаны толтуруп турушу керек. Ага жолугушуунун күнү, саат канчадан канчага чейин өткөнү, темасы, катышуучулардын кызматы жана байланыштары жазылат.

Санкт-Петербург кеңешинин депутаты Максим Резник “Азаттыктын” кабарчысы менен маегинде документти “жаңы темир тор дооруна карай” артка кадам катары сыпаттады. Дагы бир депутат Борис Вишневский токтомду маанисиз, кереги жок бюрократия деп атады.

XS
SM
MD
LG