Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:34

Керри "Талибанды" Хекматиярдан үлгү алууга чакырды


АКШ мамлекеттик катчысы Жон Керри Ооганстандын президенти Ашраф Гани менен.
АКШ мамлекеттик катчысы Жон Керри Ооганстандын президенти Ашраф Гани менен.

АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри Ооганстандагы "Талибанды" талаа командири Гулбиддин Хекматиярдын жолун жолдоп, Кабул менен тынчтык келишимин түзүүгө чакырды. Брюсселде донор-мамлекеттердин конференциясында сүйлөгөн Керри: "Талибан" баштаган жаңжалга чекит коюунун абийирдүү жолу бар. Бул согушту уруш талаасында жеңүү мүмкүн эмес”, - деди.

Вашингтондун өкүлү билдиргендей, 1990-жылдардын этегинде жарандык согуштагы негизги фигуралардын бири болгон "Хезб-и Ислами" тобунун анабашы Хекматияр менен жетишилген макулдашуу бул ишке “үлгү болуп бере алат”.

Уюм менен келишимге сентябрдын аягында кол коюлган.

Акыркы жылдары "Хезб-и Ислами" тобунун согушчан канаты көбүнчө көмүскөдө калып, Ооганстандын саясий айдыңында анча роль ойнобогону менен, бул келишим өкмөткө каршы күрөшүп келаткан "Талибан" кыймылы менен болочокто мунаса табуу, аларды саясий процесске камтуу аракеттеринде жакшы мисал болуп бериш ыктымалдыгы айтылууда.

XS
SM
MD
LG