Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:33

Кыргызстан БУУда террордукка каршы күрөшүү тууралуу маалымат берди


Бишкектеги Кытай элчилиги террордук жардыруудан кийин.
Бишкектеги Кытай элчилиги террордук жардыруудан кийин.

Бириккен улуттар уюмунунун Башкы ассамблеясынын Алтынчы комитетинде эл аралык шериктештиктин террордукка каршы күрөшүү маселеси талкууланды.

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы маалымдагандай, жыйында Кыргызстандын БУУдагы туруктуу өкүлү Миргүл Молдоисаева өлкөнүн террордукка каршы күрөшүүдө жүргүзүп жаткан иштери тууралуу маалымат берди. Ал Кыргызстанда 2015-жылы «Ислам мамлекети», «Джабхат ал-Нусра» өңдүү бир катар кыймылдар террордук уюмдардын катарына кирип, алардын ишмердүүлүгүнө өлкөдө тыюу салынганын билдирди.

Молдоисаева террордукка каршы күрөшүүдө ЖККУ, ШКУ жана КМШ уюмдарынын кызматташтыгын белгилеп, Кыргызстанда атайын адистерди даярдоо, интернет аркылуу экстремисттик үгүттөөлөргө каршы күрөш тынбай жүрүп жатканын айтты.

Бириккен улуттар уюму 1993-жылы ар кандай маселелерди талкуулаган алты комитетти түзгөн. Өз кезегинде Алтынчы комитет эл аралык укуктук маселелерди талкуулайт. (SDz)

XS
SM
MD
LG