Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:35

Жалал-Абадда облустук телеканалдын директору алмашты


Жалал-Абад облустук телерадиокомпаниясынын башкы директору Куттумидин Базаркулов маданият, туризм жана маалымат министринин буйругуна ылайык кызматтан алынды. Базаркуловго буга чейин жумушта кетирген кемчиликтери үчүн сөгүш жарыяланган. Андан сырткары санариптик телеберүүгө өтүү үчүн техникалык аппаратураларды сатып алууга бюджеттен бөлүнгөн 5,7 млн сомду өз пайдасына үнөмдөгөнү текшерүүнүн жүрүшүндө аныкталган.

Бул багытта УКМК Кылмыш-жаза кодексинин 171-беренесине (ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же жок кылуу) ылайык, кылмыш ишин козгоп тергөө иштерин жүргүзүп баштады. Ошол эле учурда облустук прокуратура телеканал эфиринен "Хизб-ут-Тахрир" диний экстремисттик уюмунун видео-роликтерин кетиргени үчүн Базаркуловго сөгүш берген.

Куттумидин Базаркулов 2010-жылдан бери телеканалды башкарып келе жаткан.

Министрдин башка буйругу менен Тургунбай Алдакулов облустук телеканалдын башкы директору болуп дайындалды жана бүгүн эмгек жамаатка тааныштырылды. Алдакулов буга чейин “Ош шамы” гезитинин редактору кызматын аткарып келген.

Жалал-Абад облустук телеканалы 1991-жылы түптөлүп, учурда 40тан ашык кызматкер эмгектенет. (RsK)

XS
SM
MD
LG