Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:29

Аманбай Кайыпов: Айыл чарба каражаттарынын дайыны жок


Буудай талаа.
Буудай талаа.

Бул тууралуу өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов облустук администрацияда өткөн инвестициялык кеңешмеде билдирди.

- Өкмөт башчыбыз кошумча каражаттар табылып жатканын айтты. Ар бир облуска лабораториялар курулбаса болбойт. Биздин картошкабыз болобу же этибиз болобу, анын сертификаты болушу керек. Картошка сактай тургай логистикалык борбор курушубуз керек. Биз аларды кайра эле ишкерлерибизге жүктөп атабыз. Сен бул фонддон кредит алып, муну кура сал деп. Аны кайра пайызын төлө дейбиз. Бирок мунун баарын айыл чарба министрлиги ойлонушу керек эле да. Айыл чарбага 2010-жылга чейин канчалаган акчалар келген. Анын баары эле кумга сиңген суудай эле жок болуп кетип жатат, -деди Кайыпов

2014-жылдын май айында өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлчүлүгү эл аралык инвестициялык форум өткөргөн. Анда Кочкор районунун аймагына 50 тонна картошка сакталгыдай логистикалык борбор курулат деген сөз айтылган. Учурда бул борборду куруу үчүн жүз миң доллар керектелет деп эсептелип, Жапония тараптан каражат күтүп жатышат. Быйыл Нарын облусунда беш жүз гектарга чукул жерге картошка айдалган. (MiK)

XS
SM
MD
LG