Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:21

Евробиримдик Грузия жарандарына визасыз режим киргизүүнү сүйлөшөт


Грузия
Грузия

Евробиримдиктин элчилери Грузия менен визасыз режим киргизүү сүйлөшүүлөрүн баштоого уруксат беришти:

- Грузия жарандары үчүн жакшы кабарды кубануу менен жарыялайм. Евробиримдиктин 28 мүчөсүнүн башын бириктирген Туруктуу өкүлдөр комитети шаркет менен Грузия ортосундагы виза режимин либералдаштырууга жол ачты. Еврокеңештин учурдагы төрагасы Словакияга Европарламент менен тиешелүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, аягына чыгаруу тапшырмасы берилди, - деди Словакиянын тышкы иштер министри Мирослав Лайчак.

Буга чейин Берлин Германиядагы грузин жарандары арасында кылмыштуулук өтө жогору деген жүйөсүн айтып, сүйлөшүүлөрдү баштоого каршы болуп келген.

Бирок Европа кеңеши жана Европарламент үчүнчү өлкөлөр үчүн визасыз режимди токтотуу механизмин жеңилдетүү боюнча мунасага келгенден кийин Германия көндү.

Ал эми Грузия жарандары үчүн визаны алуу боюнча сүйлөшүүлөр жыл аягына чейин созузат деп күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG