Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:39

ИИМ балдарды мушташтыргандарды издеп жатат


Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматкери Эрнис Осмонбаевдин маалыматы боюнча, учурда тасма өлкөнүн кайсы жеринде тартылганы иликтенүүдө. Анын айтуусунда, тасма Кыргызстанда тартылса, балдарды мушташтырган кишилер жоопко тартылат.

Жакында эле интернет айдыңында 5-6 жаштагы эки баланын мушташып жатканы тартылган тасма таркаган. Тасмада кыш куюлуп жаткан талаада бир нече киши эки баланы улам бири-бирине тукуруп, мушташтырып жатканы көрсөтүлгөн. Мушташып жаткан балдардан башка кишилердин жүзү тасмага түшкөн эмес.

Төрт-беш күндө тасманы 40 миңге жакын көрүүчү көргөн. Социалдык тармактарда андагы окуяны адамгерчиликсиз катары сыпаттаган пикирлер арбын. (ZKo)

XS
SM
MD
LG