БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму - ФАО күйдүргүнүн кесепеттерине иликтөө жүргүзүп, акыркы жылдары малдын ылаңы Европа, Африка, Азия, Борбордук жана Түштүк Америкада көбөйүп баратканын билдирген. Маалыматка ылайык, 2016-жылдын июль-август айларында Орусияда күйдүргү жаныбарлардан адамдарга өткөн учурлар катталган. Ошондой эле 75 жылдан бери ылаң катталбаган жерлерде да быйыл күйдүргү чыкканы, бул илдеттин вирусу жер кыртышында кала бергенинен кабар берет деп айтылат.
Ошондой эле Чыгыш Европада жана Борбор Азияда, анын ичинде Кыргызстанда да күйдүргү ылаңы малдан адамга жукканы тууралуу маалыматтар байма-бай түшүп турганы да белгиленип, ФАО мамлекеттерди эпизоотикалык кырдаалды көзөмөлгө алууга чакырган. Көзөмөл ылаңдарга каршы эмдөө, өлгөн малды талапка ылайыктап көмүү, үй жаныбарларынын ылаңга кабылуусун алдын алуу жана оорунун кишиге өтүп кетүүсүнө жол бербөө максатын көздөйт.
Расмий маалыматтар боюнча, Кыргызстанда 2016-жылы күйдүргү кишиге жуккан учурлар катталган эмес. Коңшулаш Казакстандын бир нече аймагында күйдүргү эпидемиясы чыгып, Орусия Казакстандан бодо мал жана эт алып кирүүгө тыюу салган. (ZKo)