Премьер министрдин буйругуна ылайык, Кыянбек Сатыбалдиев өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Жаңы жетекчини бүгүн жамаатка вице-премьер-министр Мухамметкалый Абылгазиев тааныштырды.
Сатыбалдиев КСДПдан Жогорку Кеңештин депутаты болчу.
Буга чейин облусту жетектеп келген Жумагүл Эгембердиева 15-сентябрда Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамилелер мамлекеттик агенттигине жетекчи болуп которулган. (RsK)