Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:51

Прокуратура Текебаевдин айткандарын жокко чыгарды


Башкы прокуратура президенттин тапшырмасы менен “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин менчиктештирилген мүлктөр тууралуу айткандары боюнча текшерүүлөрдүн жыйынтыгын чыгарды.

Прокуратура Алмазбек Атамбаев Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимовдун жубайы Айнура Ибраимовадан 27,5 гектер жерди сатып алган деген маалымат жалган чыгып, жердин аянты 2,7 гектар гана болгонун, ал алып-сатуу келишиминин негизинде мыйзамдуу ишке ашканын билдирди. Ошондой эле прокуратура бул жер “Дастан” заводуна карабаганын, себеби 2010-жылы “Дастан” ААКсы ал жер тилкесинин акчасын төлөбөй койгондуктан “А.С.Д.” ЖЧКга кайтарылганын аныктаган.

Башкы прокуратура “Манас Менеджемент компаниясынын” “Манас” аэропортунун тамак-аш даярдоо цехинин сатылышын да текшерип, цехтин 80% акциясын мамлекет 15 млн. долларга мыйзамдуу сатып алганын маалымдады. Бул цехти сатып алууда мамлекетке имараттардан тышкары, инженердик тетиктер, автоунаалар, атайын техника жана башка мүлктөр кошо сатылып алынган.

Буга чейин “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов "Манас" аэропортун жетектеп турганда кызмат абалынан ашкере пайдаланып, тамак-аш даярдоочу ишкананын баасы 2 миллион долларга турса, аны мамлекеттин эсебинен 15 миллион долларга сатып алган деп күнөөлөгөн. Ал ошондой эле Бишкек мэринин жубайы Айнура Ибраимова “Дастан” заводуна таандык жер тилкесин жең ичинен президент Алмазбек Атамбаевге сатканын билдирген. (SDz)

XS
SM
MD
LG