Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:11

Бишкекте балдардын алгачкы хосписи ачылат


Президент 1-июнда онкологиялык дартка кабылган балдарга барган
Президент 1-июнда онкологиялык дартка кабылган балдарга барган

Бишкек шаардык мэриясы балдар үчүн онкологиялык же оор дартка кабылгандарды дарылоого имарат бөлдү. Бул тууралуу шаар мэри Албек Ибраимов менен “Жардам берүү жеңил” коомдук фондунун төрайымы Динара Аляеванын жолугушуусунда белгилүү болду.

Аляева буга чейин жер бөлүп берүү өтүнүчү менен бир нече жолу шаардык мэрияга кайрылып келген. Натыйжада мурдагы кургак учук ооруканасынын имараты хоспис үчүн бөлүнүп берилди.

Мэрия маалымдагандай, шаар башкармалыгы имараттын бардык коммуналдык чыгымдарын өзүнө алат. Ошондой эле имаратты ижара акысынан бошотуу үчүн шаар депутаттарына сунуш киргизүү маселеси каралып жатат.

Балдар хосписи алдыдагы он күндүн ичинде ачылары күтүлүп жатат. (SDz)

XS
SM
MD
LG