Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:09

АКШга машыгууга келген 44 ооган аскери дайынсыз


Ооган коопсуздук күчтөрү.
Ооган коопсуздук күчтөрү.

Пентагондун маалыматына караганда, эки жылга жетпеген убакытта Ооганстандан машыгууга келген ондогон жоокер качып кетишкен. Айрым божомолдорго караганда, алар Америкада мыйзамсыз калып иштеп жүрүшөт.

Коргоо департаментинин басма сөз катчысы Адам Стамп Рейтер агенттигине билдиргендей, оогандык 44 аскердин кайда экени беймаалым. Ушул эле 1-сентябрдан бери 8 киши аскердик базаны уруксатсыз таштап кеткен. АКШ коргоо министрлигинин атын атабаган өкүлү мындай учурлардын көбөйүшү тынчсыздануу жаратарын белгилейт.

Пентагон машыгуу программасына тартылгандарды текшерүүнү күчөтүү жагын караштырууда. 2007-жылдан бери оогандык 2 миң 200дөй аскер АКШда машыгуудан өтүп келген. 2002-жылдан тарта ооган коопсуздук күчтөрүн даярдоо жана курал менен камсыз кылууга Вашингтон 60 миллиард доллар жумшаган.

XS
SM
MD
LG