Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:05

Нааразы болгон мигранттар Венгрияга жүрүшүн токтотушту


Мигранттар.
Мигранттар.

Европадагы чек аралардын жабылышына жана Сербиядагы шарттардын начарлашына нааразы болгон 100дөн ашуун мигрант Венгрияга карай жүрүшүн токтотуп Белградга кайтып келишти. Серб бийлиги алардын басымдуу бөлүгүн баш паана күтүп жаткандардын борборуна жайгаштырууну пландоодо. Мигранттар негизинен пакистандыктар менен оогандар.

Алар 4-октябрда 200 чакырым алыстагы Венгрияга көздөй жөнөп, согуштан, жакырчылыктан качкан адамдар үчүн чек араларды ачууну талап кылышкан. Будапешт быйыл жайда баш калка берүү мыйзамдарын катаалдаштыргандан кийин 6 миңдей бозгун Сербияда эл толгон жайларда, антисанитардык шартта жашап келатат.

XS
SM
MD
LG