Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:06

Сирия менен Түркиянын чек арасында 29 киши курман болду


Сирия.
Сирия.

Айрым кабарларга караганда, "Ислам мамлекети" радикал тобу тарабынан жасалды делген соккудан Сирия менен Түркиянын чек арасына жакын жерде кеминде 29 киши окко учту. Алардын көбү козголоңчу согушкерлер болчу.

Британияда жайгашкан Сирия обсерваториясы укук коргоочу топ окуя бейшембиде Идлиб чөлкөмүндөгү Атмех өткөөлүндө болгонун, сокку Түркиянын колдоосу менен экстремисттерге каршы күрөшүп келаткан кошуундарга атайлап урулганын билдирди.

Ал эми “Ислам мамлекетинин” Амак агенттиги жанкечти козголоңчулардын кербенин жардырганын маалымдады.

Түркиянын вице-премьери Нуман Куртулмуш чабуулду “адамзатка каршы кылмыш” деп атады. Августта ошол эле чек ара пунктунда 30дан көп көтөрүлшчү мерт болгон. Кол салуу үчүн анда да “Ислам мамлекетинин” экстремисттери өздөрүнө алышкан.

XS
SM
MD
LG