Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:22

Жогорку Кеңеш 120 депутаттын креслосун жаңыртты


Парламент депутаттары пленардык жыйында отура турчу отургучтарды жаңыртты. Бул тууралуу “Азаттыкка” Жогорку Кеңештин аппарат жетекчиси Абдыманап Кутушев билдирди. Ал креслолорго мамлекеттик казынадан акча корогон жок деп, демөөрчүлөрдүн көмөгү менен сатып алынганын кошумчалады.

- Креслолор канча сомдон айланганын айта албайм. Себеби акча менен биздин ишибиз болгон жок. Бирок, менимче, кадимки эле дүкөндөрдөгү баа менен сатылып алынды окшойт. Бизге донорлор белек катары алып келип берди, биз креслолорду жаңыртып койдук.

Кутушев креслолорду өз ыктыяры менен сатып берген компаниянын атын атоодон баш тартты.

Буга чейин парламент 2,5 миллион сомдон ашык мамлекеттин каражатына 120 кресло сатып алары тууралуу жарыя чыгып, коомдук нааразылык Жогорку Кеңешти бул тендерди токтотууга мажбур кылган. Ал тендерге ылайык ар бир депутаттын отургучун аппарат болжол менен 22 миң 350 сомдон сатып алууга макулдугун билдирген эле. (SDz)

XS
SM
MD
LG