Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:05

Кадыровдун уулдарынын эрежесиз мушташы сынга кабылды


Чеченстандын президенти Рамзан Кадыров уулдарынын катышуусундагы рингдеги мушташка байланыштуу сынга кабылды.

"Балдардын эрежесиз мушташын телевидениеден көргөзүү фактысына тиешелүү органдар көңүл бурууга тийиш", - деп билдирди Орусия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков.

Балдар омбудсмени Анна Кузнецова Грозныйда балдарды эрежесиз мушташка катыштыруу териштирилип баштаганын маалымдады.

Шейшембиде Грозныйда Эл аралык турнирдин алкагында жаш спортчулар да рингге чыгышкан. Рамзан Кадыровдун 10, 9 жана 8 жаштагы уулдары үчөө тең беттеште жеңген. Матч телеканалдан кзргөзүлгөн. Орусиянын Күрөш өнөрү биримдигинин төрагасы Федор Емельяненко балдарды андай мелдештерге тартууну сындап, 12 жашка чейинки жеткинчектер керек болсо мушташка көрүүчү болуп да кире албасын айтты.

XS
SM
MD
LG