Багдад түрк аскерлеринин Ирактын түндүгүнө жайгашуусу боюнча БУУнун Коопсуздук кеңешин чукул жыйынга чогултууну өтүндү.
Ирак түрк куралдуу күчтөрү Ирактын суверенитетин бузуп келатышканын, Анкара коңшулар менен достукта жашоо принцибин урматтабай жатканын белгилеп, кеңешти тиешелүү резолюция кабыл алууга чакырды. Эки өлкөнүн мамилеси өткөн жылы Түркия Ирактын Мосул шаарынын жанындагы радикал топко каршы күрөшүү үчүн машыктырууга өз аскерлерин жөнөткөндөн кийин начарлап кеткен. Багдад өкмөтү түрк контингенти уруксатсыз келгенин айтып, чыгып кетүүсүн талап кылууда. Бирок Анкара аны көңүл сыртында калтырып келет.
6-октябрда ирактык депутаттар түрк аскерлерин “оккупациялык күчтөр” деп таанууга үндөгөн резолюцияны өкмөткө жөнөттү. Премьер-министр Хайдар ал-Абади Анкара жоокерлерин алып кетпесе, бул “регионалдык согушка” алып келиши ыктымалдыгын эскертти.
Ал эми түрк өкмөт башчысы Бинали Йылдырым аскерлер түндүк Иракта “чөлкөмдөгү демографиялык структураны күч менен өзгөртүү аракеттеринин” алдын алуу үчүн кала берет деген жообун кайтарды.
Түркия Мосул ашынган жихадчылардан бошотулгандан кийин Багдаддын шиит күчтөрү шаардагы сунниттерге кысым көргөзөт жана этностор аралык тирешүү күчөйт деп чочулайт. Аймакта түркмөндөр да байырлап келет.