Бүгүн, 6-октябрда Бишкекте өткөн Кыргызстан менен Ливандын футбол боюнча улуттук курама командаларынын жолдоштук беттеши 0:0 эсебинде тең чыгуу менен аяктады. Оюн Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондо кечки 20:30да башталган.
Кыргызстандын футбол федерациясы беттешти көрүүгө 6500 күйөрман келгенин маалымдады. Аталган командалар буга чейин эки жолу беттешкен.
Кыргыз футболчулары ливандыктарга бир жолу утулуп, дагы биринде тең чыккан. Кыргызстан дүйнөлүк рейтингде 108, Ливан 143-орунда турат.
11-октябрда Бишкекте кыргыз футболчулары Түркмөнстандын улуттук курама командасы менен ойнойт.(ECh)