Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:50

Бишкекте коомду ынтымакка чакырган иш-чара өтөт


Исламий “Умма” журналынын колдоосу менен уюштурулуп жаткан “Ынтымак тасмасы” деп аталган иш-чарада түрдүү диний, саясий, социалдык жана башка көз караштагы кыз-келиндердин диалогу болот. Анда кыз-келиндер бири-бирин сыйлоого, башкалардын тандоосун сыйлоого, түрдүү социалдык маселелерди чечүүнүн жолдорун издөө боюнча сабак алышат. Бул тууралуу “Умма” журналынын өкүлү Айдай Амангелди кызы “Азаттыкка” билдирди:

-Учурда дин жактан, саясий, аймактык жактан түрдүү көз караштан бөлүнгөндөр көбөйдү. Ошондуктан, биздин максат коомдо бөлүнбөй, бир бүтүн болуу. Ар түрдүү болсок да биз диалогго келип, сүйлөшө аларыбызды көрсөткүбүз келет.

“Ынтымак тасмасы” деп аталган иш-чаранын уюштуруучуларынын белгилөөсү боюнча, учурда интернеттеги социалдык тармактарда диний, саясий жана башка көз карашынан айырмаланган адамдардын ортосунда бири-бирине жек көрүү сезими күч алууда. Буга негизги себеп маалыматтын жетишсиздиги дешет алар.

Иш-чара башталардан мурун борбордук көчөлөрдүн биринде анын катышуучуларынын жөө жүрүшү болот.

“Ынтымак тасмасы” 8-октябрда, Green City конок үйүндө болот. (ZKo)

XS
SM
MD
LG