Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:36

Орусия АКШны эскертти


Игорь Конашенков.
Игорь Конашенков.

Коргоо министрлигинин өкүлү Игорь Конашенков эгер АКШ Сириянын өкмөттүк күчтөрүнө чабуул койсо, АКШнын коалицияга тийиштүү экенине карабай, учактарын атып түшүрөрүн эскертти. Орусиялык генерал-майордун катаал эскертүүсү Сирия боюнча Вашингтон менен Москванын мамилеси татаалдашып турган учурга туш келди.

АКШ Сириядагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча Орусия менен кызматташтыгын токтоторун жарыялаган. Ошондон бери, орусиялык жана сириялык аскерлер согушчандар кармап турган Алеппо шаарына абадан бир нече жолу чабуул жасашты. Натыйжада жүздөгөн жай тургундар набыт болду.

The Washington Post гезити 4-октябрь күнү Пентагон бул жумада Алеппону бомбалоого жооп кылып, сириялык өкмөттүк күчтөргө чабуу коюусу ыктымалдыгын жазган болчу.

Апта башында Орусия зениттик С-300 системасын Сирияга алып барып, Жер ортолук деңизине үч аскер кемесин жиберген. С-400 зениттик системалары Сириянын жээгиндеги орусиялык кемелерге орнотулган.

XS
SM
MD
LG