Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:44

Сузак райондук прокуратурасы билим кызматкерлери жашырган каражатты тапты


Иллюстративдик сүрөт.
Иллюстративдик сүрөт.

Сузак районунун прокуратурасы тарабынан райондук билим берүү бөлүмүнүн кызмат адамдары 4 млн. сомдон ашык акча каражатын өздөрүнө ыйгарып алган факты боюнча кылмыш иши козголду. Факты боюнча “кызмат абалынан кыянат пайдалануу” жана “кызматтык жасалмалуулук” беренелери менен кылмыш иши козголду.

Маалыматта айтылгандай, аталган билим берүү бөлүмүнүн кызмат адамдары мугалимдерге айлык төлөөдө жасалма документтер негизинде 2 млн. 200 миң сом акча каражатын өздөрүнө ыйгарып алышкан. Мындан тышкары 2013-жыл ичинде билим берүү бөлүмүнүн кассасынан тиешелүү документтерди толтурбастан 1 млн. 900 миң сом негизсиз коротулган.

Натыйжада мамлекетке жалпы суммасы 4 млн. 500 миң сом өлчөмүндө материалдык зыян келтирилген.

Ушул жылдын жаз айларында Сузак райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу, бухгалтер жана кассири 15 млн. сом мамлекетке зыян келтиргендиги үчүн соттолушкан. Мындан сырткары 2014-жылы ушул районго караштуу Көк-Жаңгак шаардык билим берүү бөлүмүнүн башкы эсепчиси 12 жылга, бөлүмдүн кассири он жылга эркинен ажыратылган. Аларга да ушул эле берене менен кылмыш иштери козголгон болчу.

Соттошуулардын айынан Сузак райондук билим берүү бөлүмү эки жылдан ашык убакыттан бери жетекчисиз иштеп келүүдө. (RsK)

XS
SM
MD
LG