Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:06

 “Үркүн” тасмасына жасалма билеттер сатылууда


"Үркүн" тасмасынан көрүнүш.
"Үркүн" тасмасынан көрүнүш.

Бул тууралуу “Азаттыкка” көркөм тасманын директору Эрлан Жамгырчиев билдирди. Ал Токмоктогу мектептердин бириндеги мугалимдерге 150 даана билетти белгисиз бирөөлөр сатууга деп таштап кеткенин айтты.

- Бул билеттерде же мөөнөтү же датасы жок экен. Биз азырынча билеттерди тарата элекпиз. Ошондой эле фильмди көрсөтүүчүлөр менен дагы келишим түзө элекпиз.

Эрлан Жамгырчиев жасалма билеттерден улам коомчулукту андай билеттерди сатып албоого чакырды.

“Үркүн” көркөм тасмасы 1916-жылдагы кѳтѳрүлүштүн 100 жылдыгына арналып тартылган. Авторлор буга чейин фильмди көрсөтүүгө расмий уруксат берилбей жатканын айтып, аны кыргыз-орус мамилелерине байланышкан саясий себептерден улам деп божомолдоп келишкен.

Тасманын режиссеру Медин Учкеев, продюсери Мухтар Атаналиев. Фильм "Саякбай манасчы" жана “Куткелди” коомдук фонддору тарабынан каржыланган.

“Үркүн” тасмасы кыргызстандыктарга 12-октябрдан тарта көрсөтүлө баштайт. (SDz)

XS
SM
MD
LG