Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:57

АКШда Орусияга аскерий технология экспорттогон үч адам камакка алынды


Камалгандардын бирөөсү АКШнын, экөө Орусиянын жарандары.

Юстиция министрлиги билдиргендей, америкалык Алексей Барышев ысымдуу жаран атайын көзөмөлдөгү технологияны Орусияга мыйзамсыз экспорттогон, ал эми орусиялыктар Дмитрий Карпенко менен Алексей Крутилин Барышевге жардам берген.

Расмий маалыматка караганда, алар микроэлектрониканы заводдордон жана башка камсыздоочулардан жашыруун алып, аны Орусияга экспорттоо үстүндө чогуу иштешкен.

Эгер күнөлүү деп табылса, камалгандар 25 жылга чейин кесилип, 1 миллион доллардан айыпка жыгылуусу мүмкүн.

АКШ өлкөнүн улуттук коопсуздугуна шек келтириши мүмкүн деген технологиянын экспорттолушуна тыюу салат.

Юстиция министрлиги белгилегендей, Орусияга аскерий системаларда, анын ичинде радарларды менен ракеталарды башкарууда колдонулуучу микроэлектроника жөнөтүлгөн.

Бул үчүн камалгандардын бири, АКШ жараны Алексей Барышев Нью-Йоркто катталган эки компанияны пайдаланып, бирок көзөмөлдөгү технология жөнөтүлүүчү жерди жашырган. (UE)

XS
SM
MD
LG