Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:53

Өмүркулов: референдумду 11-декабрда өткөрүү сунушталды


Иса Өмүркулов.
Иса Өмүркулов.

Бул тууралуу Конституцияга өзгөртүү киргизүүнү талкуулаган парламенттик угууда КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркүлов билдирди. Ал азыркы жетишкендиктерди сактап, жаңы коркунучтарга каршы туруу, парламенттикти чыңдоо максатында Баш мыйзамга өзгөртүү зарылдыгын белгиледи. Натыйжада референдумду 11-декабрда өткөрүү сунушу парламенттин тийиштүү комитетине жөнөтүлгөнүн айтты.

Буга чейин Баш мыйзамды өзгөртүүгө багышталган референдум 4-декабрда өтөрү айтылып келген. Бирок Өмүркулов "азыркыга чейин шайлоону дайындоо тууралуу президенттин жарлыгы чыга электигинен мөөнөттү дагы бир жумага жылдыруу сунушу кирип жатат", - деди.

29-сентябрда Жогорку Кеңеш Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдумду дайындаган мыйзам долбоорду 1-окуудан өткөргөн. (SDz)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG