Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:05

УКМК: белгисиз адамдардын кыргызстандыктарга кайрылуусу текшерилүүдө


Видео кайрылуудагы адамдар.
Видео кайрылуудагы адамдар.

Беткапчан курал кармаган адамдардын Кыргызстанга кайрылуусу тууралуу видеону Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет текшерүүгө алды. Видеодо үч адамдын бири өлкө бийлигин сынга алып, исламдагы шарыяттар толугу менен Кыргызстанда орношу керектигин айтат. Бул видео боюнча коопсуздук комитетте маалымат бар экенин “Азаттыкка” УКМКнын маалымат кызматынын өкүлү Рахат Сулайманов билдирди.

- Видеодогу адамдар ким экенин тактап атабыз. Бул видео тууралуу биздин маалыматыбыз бар. Азырынча кандайдыр бир маалымат берүүдөн алыспыз.

Жарым саатка созулган видео кайрылууда алар Сирияда согушта жүргөнүн, согуштук аракетке катышуу менен алар Кыргызстанга жардам берип жатканын айтышкан. (SDz)

XS
SM
MD
LG