Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:14

АКШ, EKKУ Орусияны журналист Политковскаяны өлтүрүүгө буйрук бергендерди табууга чакырды


Анна Политковскаяны акыркы сапарга узатуу. 10-октябрь, 2006-жыл.
Анна Политковскаяны акыркы сапарга узатуу. 10-октябрь, 2006-жыл.

Мындай билдирүү журналист Анна Политковскаянын курман болгондугунун он жылдыгына тушташ жасалды.

АКШ Мамлекеттик департаментинин билдирүүсүндө “ачылбаган адам өлтүрүүлөр үчүн жазасыз калуу Орусиядагы сөз эркиндигине, адилеттикке жана адам укуктарына болгон урматка шек келтирүүдө”,- деп айтылат.

Ал эми ЕККУнун сөз эркиндиги жана медиа боюнча өкүлү Дунья Миятович “он жылдан кийин да бул үрөй учурарлык өлтүрүүнүн артында тургандар али табылбаганы менен келишүүгө болбойт”,- деп белгиледи.

Президент Путиндин сынчысы, Орусиядагы коррупция жана Түндүк Кавказдагы адам укугун бузуулар тууралуу көп жазган Анна Политковскаяны 2006-жылы 7-октябрда, Москвадагы үйүнүн жанында атып кетишкен.

2014-жылы бул кылмышка тиешеси бар деп беш адам кесилген, алардын экөөсү өмүр бою эркинен ажыратылган.

Бирок Политковскаянын көзүн тазалоого ким буйрук бергени белгисз бойдон калган.

Ал Путиндин туулган күнүндө жок кылынгандыктан, бул президентке белек болду деген кеп-сөздөр да чыккан эле.(UE)

XS
SM
MD
LG