Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:06

Актёр Азиз Мурадилаев жардамга муктаж


Азиз Мурадилаев "Курманжан датка" тасмасында Алымбек датканын ролунда.
Азиз Мурадилаев "Курманжан датка" тасмасында Алымбек датканын ролунда.

Бишкектеги клиникалык оорукананын дарыгерлери бүгүнкү консилиумда актёр Азиз Мурадилаев С гепатитине кабылып, боор оорусунан жабыркагандыктан, боорун алмаштыруу зарылдыгын тастыкташты. Бул дартка операция өтө кымбат тургандыктан, учурда анын сахналаш, кесиптештери кайрымдуулук акциясын өткөрүүдө.

Мурадилаевдин операциясына каражат чогултуу максатында 25-октябрда Бишкектеги кыргыз драма театрында кайрымдуулук концерт жана марафон өткөрүлмөкчү. Ошондой эле шоу бизнес жаатындагы коомчулук актёрдун ден-соолугуна көмөк көрсөтүү максатында жогорку бийликке чейин кайрылып жардам сурашууда.

6-октябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында ар кандай маселелер учурунда айрым депутаттар Азиз Мурадилаевге жардам берүүгө чакырып, Жогорку Кеңештин фондунан акча бөлүп берүү зарылдыгын айтышкан.

Кыргызстандын маданиятынын мыктысы Азиз Мурадиллаев 1978-жылы туулган. Ал өзүнүн актёрдук карьерасында 40 тан ашык кино жана театралдык оюндарда роль аткарган. Коомчулукта ал “Курманжан Датка” тарыхый-көркөм тасмасында Алымбек датканын ролун аткарганы менен белгилүү. (SDz)

XS
SM
MD
LG