Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн телефон аркылуу Орусиянын Президенти Владимир Путинди туулган күнү менен куттуктады. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө мамлекет башчылары кыргыз-орус кызматташтыктын маанилүү багыттарын талкуулашты.
Атамбаев ошондой эле Москвада Борбордук клиникалык ооруканада медициналык текшерүүдөн өтүшүнө көрсөткөн колдоосу жана көмөгү үчүн Путинге ыраазылыгын билдирди.
7-октябрда Владимир Путин 64 жашка толду. (SDz)