Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:57

8-октябрда оппозициянын курултайы өтөт


Оппозициянын курултайы 8-октябрда орус драма театрында өтө турганын “Азаттыкка” жарандык активист Адил Турдукулов маалымдады. Ал күн тартибине референдумга каршы туруу боюнча маселе коюлуп, курултай ачык өтүп бийлик өкүлдөрү дагы чакырылганын кошумчалады.

Курултайга жаштар, саясатчылар, коомдук ишмерлер жана мекенчил күчтөр катышат.

- Биз курултайда Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү демилгелеп жаткан депутаттарды да күтөбүз. Анткени биз дагы депутаттар тарабынан эмне үчүн Баш мыйзамга өзгөртүүлөр кирип жатканын түшүнгүбүз келет, - деди Турдукулов.

Буга чейин оппозиция Бишкектеги Улуттук филармония, Спорт сарайы, Опера жана балет театры “Референдумга - жок!” кыймылынын курултай өткөрүү тууралуу өтүнүчүн четке кагып, бийлик Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы күчтөрдүн жыйынына атайлап тоскоол болуп жатканын айтып келген. (SDz)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG