Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:37

Нобелдин Тынчтык сыйлыгы Колумбия президентине ыйгарылды


Президент Хуан Мануэл Сантос жана ФАРК кыйимылынын лидери Тимоченко тынчтык келишимге кол койгон учур. 26-сентябрь, 2016-жыл.
Президент Хуан Мануэл Сантос жана ФАРК кыйимылынын лидери Тимоченко тынчтык келишимге кол койгон учур. 26-сентябрь, 2016-жыл.

Нобел комитети бүгүн Ослодон жарыялагандай, Түштүк Америкадагы бул өлкөнүн президенти Хуан Мануэл Сантоско сыйлык ФАРК кыймылы менен тынчтык келишимин түзүүгө жетишкени үчүн берилди:

- Быйылкы Тынчтык сыйлыгын президент Хуан Мануэл Сантоско ыйгаруу менен Норвегия комитети Колумбиядагы тынчтыкка, элдешүүгө жана адилеттүүлүккө умтулгандардын баарын колдогусу келет, - деди комитет төрайымы Карин Кульман Фиве.

Колумбия өкмөтү менен солчул радикал жана марксисттик ФАРК кыймылынын ортосунда 52 жылга созулган согушту токтотууну караган тынчтык келишимге өткөн айдын соңунда кол коюлган эле.

2-октябрда колумбиялыктардын 37% эле катышкан референдумда добуш бергендердин 50% бир аз ашууну тынчтык келишимге каршы чыкса, 50% бир аз жетпегени аны жактаган.

Президент Сантос референдумдан соң тынчтык планын кайра иштеп чыгууга убада берген.

Ал сыйлыкты Колумбия элинин атынан аларын жана бул Колумбиядагы тынчтык жараяны үчүн “өзгөчө мааниге” ээ экенин белгиледи.

Колумбияда 1964-жылы дыйкандардын көтөрүлүшүнөн башталган жарандык согуш андан бери 220 миңден ашуун адамдын өмүрүн алып, миллиондорду качкын болууга, жер которууга аргасыз кылган. (UE)

XS
SM
MD
LG