Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:33

Финляндия АКШ менен аскерий кызматташтыгын тереңдетет


Финляндия аба мейкиндикти бузду деген орусиялык СУ 27 учагы.
Финляндия аба мейкиндикти бузду деген орусиялык СУ 27 учагы.

Эки өлкөнүн аскерий карым-катнашын күчөтүүнү караган макулдашууга бүгүн Хельсинкиде АКШнын коргоо министринин орун басары Роберт Уорк менен Финляндиянын коргоо министри Юсси Ниинистё кол коюшту.

НАТОго мүчө эмес Финляндия АКШ менен аскерий жактан абадан, жерден, деңизден машыгууларда буга чейин эле кызматташып келген.

Жаңы келишим аскерий кызматташтыкты маалымат алмашуу, кибер коопсуздук боюнча биргелешип иликтөө жүргүзүү, машыгууларды өркүндөтүү аркылуу тереңдетүүнү көздөйт.

Вашингтон менен Хельсинкинин аскерий кызматташтык келишими Орусия Финляндиянын аба мейкиндигин бузганы боюнча маалыматтар чыккан учурга туш келди.

Финландиянын Коргоо министрлигинин билдирүүсүнө караганда, Орусиянын СУ-27 үлгүсүндөгү аскерий учагы 6-октябрь күнү өлкөнүн аба мейкиндигине ичкери бир чакырымдай кирип, анын Финляндия аймагындагы учуусу бир минутка созулган.

Бирок Орусиянын Коргоо министрлиги бул маалыматты четке кагып, өлкөнүн аскер-аба күчтөрүнүн учагы эл аралык эрежелерге ылайык аракеттенгенин, Финландия булуңундагы эл аралык суулардын үстүндө машыгууда болгонун белгиледи.

Москва 2014-жылы Крымды аннексиялагандан бери Финляндия буга чейин да Орусияны бир нече ирет анын аба мейкиндигин бузганы үчүн айыптаган. (UE)

XS
SM
MD
LG