Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:54

Москвада Анна Политковская эскерилди


Анна Политковскаяны эскерүү. 7-октябрь, 2016-жыл.
Анна Политковскаяны эскерүү. 7-октябрь, 2016-жыл.

Орусиялык таанымал журналист Анна Политковскаяны эскерүү иш-чарасы өтүп, ага кесиптештери, жакын санаалаштары, батыштык бир нече дипломат да катышты.

- Биз орус өкмөтүн адилеттикти калыбына келтирип, Политковскаяны өлтүрүүгө буйрук берген, пландаган, аткарагандарды жазалоого кайрадан чакырабыз, - деди АКШнын Москвадагы элчисинин орун басары Линн Трейси сүйлөп жатып.

Политковскаяны өлтүрүүгө буйрук бергендер 10 жылдан бери белгисиз бойдон калууда. Муну маркум журналист бир кезде иштеген “Новая газетанын” башкы редакторунун орун басары Сергей Соколов да белгиледи.

Мурдараак ЕККУнун сөз эркиндиги жана медиа боюнча өкүлү Дунья Миятович өз билдирүүсндө “он жылдан кийин да бул үрөй учурарлык кол салуу артында тургандар али табылбаганы менен келишүүгө болбойт” деген эле.

Президент Путиндин сынчысы, Орусиядагы коррупция жана Түндүк Кавказдагы адам укугун бузуулар тууралуу көп жазган Анна Политковскаяны 2006-жылы 7-октябрда, Москвадагы үйүнүн жанында атып кетишкен.

2014-жылы бул кылмышка тиешеси бар деп беш адам кесилген, алардын экөө өмүр бою эркинен ажыратылган. Бирок Политковскаянын көзүн тазалоого ким буйрук бергени белгисиз бойдон калган.

Ал Путиндин туулган күнүндө жок кылынгандыктан, "бул президентке "белек" болду" деген кеп-сөздөр да чыккан эле.(UE)

XS
SM
MD
LG