Оппозициянын курултайы Бишкектеги орус драма театрында саат 10:20да башталды. Күн тартибине референдумга каршы туруу боюнча маселе коюлган. Курултай ачык өтөрүн, ага бийлик өкүлдөрү дагы чакырыларын уюштуруучулар маалымдашкан.
Жыйынга көз салып турган кабарчыбыздын маалымдашынча, курултайга “Ата мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев, Аида Салянова, Азимбек Бекназаров, Чолпон Жакупова, Кеңешбек Дүйшөбаев, Элмира Ибраимова, Равшан Жээнбеков жана башка коомдук ишмерлер, саясатчылар, депутаттар катышууда. Бийлик өкүлдөрүнөн азырынча эч ким келбегендигин депутат Алманбет Шыкмаматов "Азаттык" радиосуна билдирди.
Курултайга жаштар, саясатчылар, коомдук ишмерлер жана мекенчил күчтөр да чакырылган.
Буга чейин Филармония, Спорт сарайы, Опера жана балет театры “Референдумга - жок!” кыймылынын курултай өткөрүү тууралуу өтүнүчүн четке какканы кабарланган. Аталган кыймыл бийлик Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы күчтөрдүн жыйынына атайлап тоскоол болуп жатканын айткан.
Жогорку Кеңеш Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдумду 4-декабрга дайындаган. Мындай мыйзам долбоорду парламент 1-окуудан өткөргөн.
Кыргызстанда бийликтин Конституцияга өзгөртүү киргизүү демилгеси саясий кырдаалга таасирин тийгизди. Буга чейин бир тарапта болуп келген Убактылуу өкмөт мүчөлөрүн жаатташтырып, мамилесин бузду. (SE\BkA)