Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:42

Текебаев президентти токтотуу үчүн биригүүгө чакырды


Курултай катышуучулары.
Курултай катышуучулары.

Президент Алмазбек Атамбаевди Баш мыйзамды өзгөртүү демилгесин токтотууга чакыруу үчүн коом биригиши керек. Бул тууралуу бүгүн Бишкекте өтүп жаткан оппозициянын курултайында “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев билдирди. Ал Баш мыйзамды өзгөртүү азыркы бийликтин өз кызыкчылыгы үчүн жүрүп жатканын айтты жана аны президенттик аппараттын башчысы Фарид Ниязов менен мамлекет башчынын кеңешчиси Икрам Илмиянов жазганын белгиледи.

Оппозиция жана “Референдумга - жок” кыймылынын активисттери уюштурган курултай бүгүн Бишкектеги орус драма театрында өтүп жатат. Анда референдумга каршы туруу маселеси талкууланууда. Жыйынга бардык саясий күчтөр, бийлик өкүлдөрү чакырылган. Бирок бийликтен эч ким келген жок. Уюштуруу комитети маалымдагандай, 650 кишиге чакыруу жөнөтүлгөн. Анын 610у чогулду.

Жогорку Кеңештен беш депутат - Өмүрбек Текебаев, Аида Салянова, Чолпон Жакупова, Наталья Никитенко жана Алмамбет Шыкмаматов курултайга катышууда. (SE\BkA)

XS
SM
MD
LG