Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:27

Гаитиде “Мэтью” бороонунун курмандыктары 800дөн ашты


Гаитиде бороондон кийинки абал. 5-октябрь, 2016-жыл.
Гаитиде бороондон кийинки абал. 5-октябрь, 2016-жыл.

Акыркы маалыматтар боюнча, Гаитидеги “Мэтью” бороону 840 адамдын өмүрүн алды. Он миңдеген кишилер жардамга муктаж. Табият апааты 4-октябрда башталган.

Жума күнү бороон АКШнын Флорида штатына жетип, 800дөн ашуун үй электр жарыгысыз калды. Адистер апаат Жоржия жана Түштүк Каролинага багыт алганын, ишембиде аталган штаттарга жетерин кабарлашкан. Шамалдын ылдамдыгы саатына 195 км жетүүдө.

Президент Барак Обама жана башка аткаминерлер адистердин эрежелерин сактоо зарылдыгын тургундарга эскертишти.

Мындай бороон 118 жыл мурун болгону, суу ташкыны коркунучу да бар экени айтылууда.

XS
SM
MD
LG