Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:56

Оппозициянын курултайында эреже бузгандар залдан чыгарылды


Курултай катышуучулары.
Курултай катышуучулары.

Конституцияны өзгөртүүгө каршы Бишкекте бүгүн өтүп жаткан курултайда сөз жетпей калгандар нааразылык билдиришти. Жаркынбек Касымбеков, Назарбек Нышанов сыяктуу активисттер залда отурган жеринен туруп, кыйкыра башташканда аларды уюштуруучулар залдан чыгарып коюшту. Курултай өткөрүп жаткандар муну бийлик даярдаган “чагым” деп сыпатташты.

Оппозиция жана “Референдумга - жок” кыймылынын активисттери бүгүн Бишкектеги орус драма театрында курултай өткөрүп жатышат. Ал башталарда уюштуруучулардын бири – Равшан Жээнбеков келгендерди жыйын эрежелерин сактоого үндөп, уруксатсыз сөз сүйлөп, залдан кыйкырууга тыюу салынарын эскерткен. Ага баш ийбегендер залдан чыгарыларын айткан.

Курултайга “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев, Аида Салянова, Азимбек Бекназаров, Чолпон Жакупова, Кеңешбек Дүйшөбаев, Элмира Ибраимова, Равшан Жээнбеков жана башка коомдук ишмерлер, саясатчылар, депутаттар катышууда. Бийлик өкүлдөрүнө да чакыруу берилген, бирок алардан өкүлдөр келишкен жок. Курултайга 610 адам катышууда.

Жогорку Кеңеш Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдумду 4-декабрга дайындаган. Мыйзам долбоорду парламент 1-окуудан өткөргөн. Ага каршы активисттер жана саясатчылар кол топтоо башташкан.(SE\BkA)

XS
SM
MD
LG