Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:42

9-октябрга аба ырайы


Бийик тоолуу райондордо беш градуска чейин жылуу болот
Бийик тоолуу райондордо беш градуска чейин жылуу болот

Кыргызгидромет борбору 9-октябрда жаан-чачын болбой турганын маалымдады. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.

Абанын табы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +3...+8, күндүз +19...+24,

Талас жергесинде түнкүсүн +2...+7, күндүз +18...+23,

Баткен облусунда түнкүсүн +6...+11, күндүз +21...+26,

Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +8...+13, күндүз +22...+27,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн +1...+6, күндүз +15...+20,

Нарын облусунда түнкүсүн -4...+1, күндүз +16...+21 градус болот.

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -7...-12, күндүз 0...+5.

Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Абанын табы түнкүсүн +6…+8, күндүз +20…+22 ысыйт.

XS
SM
MD
LG