Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:04

Лукашенко Каримовдун мүрзөсүнө зыярат жасады


Беларус президенти Александр Лукашенко 6-октябрда Өзбекстанга келип, Самарканд шаарында Ислам Каримовдун мүрзөсүнө зыярат кылды. Маркумдун жесири Татьяна Каримова менен жолугушуп, көңүл айтты.

Президенттин милдетин аткаруучу жана өкмөт башчы Шавкат Мирзиёев менен жолугушкан кезде Лукашенко эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык ымаланын бүгүнкү абалы күлкү келтирерлик даражада экенин айтты. Тараптар келечекте мамилелерди жакшыртууну макулдашты.

Ислам Каримов оорудан улам 2-сентябрда Ташкентте көз жумуп, 3-сентябрда Самаркандда жерге берилген. Аны менен коштошуу зыйнатына Тажикстандын, Түркмөнстандын президенттери катышкан. Кыргызстандан өкмөт башчы жетектеген делегация барган.

Кийинчерээк Орусия мамлекет башчысы Владимир Путин, Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев Самаркандга келип, мүрзөсүнө барышкан. (SE)

XS
SM
MD
LG