Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:29

Кытайда окуган кыргызстандыктар үчүн виза алууга төрт күн берилет


Кытай элчилинин алдындагы милиция кызматкерлери. 30-август, 2016-жыл
Кытай элчилинин алдындагы милиция кызматкерлери. 30-август, 2016-жыл

Кытайдын Бишкектеги элчилиги виза берүүнү 10-октябрда төрт күнгө жандандырат. Тышкы иштер министрлиги кабарлагандай, Кытайда билим алган кыргызстандык студенттердин окуусун үзгүлтүккө учуратпоо үчүн 10-13-октябрь күндөрү гана виза берет. Тышкы иштер министрлиги белгиленген убакытта документтерди тууралап алуу зарылдыгын эскертүүдө.

30-августта Кытай элчилигинин имаратына жанкечти унаасы менен кирип барып өзүн жардырып жиберген. Үч кызматкер жабыркап, имаратка зыян тийген. Бул окуядан кийин элчилик виза берүүнү токтоткон.

Кытайда билим алган үч жүзгө жакын студент окуулары үзгүлтүккө учурап жатканын айтып, нааразылык билдиришкен.

Кыргызстан виза боюнча Бээжинге төрт жолу нота жиберген. Элчилик өткөн айдагы жардыруудан кийин жабдыктар жарактан чыкканына байланыштуу иш токтоп турганын кабарлаган. (SE)

XS
SM
MD
LG