Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:25

Мелис Турганбаев эркин күрөштөн коло медал тагынды


Польшада өтүп жаткан эркин күрөш боюнча ардагерлер арасындагы дүйнө чемпиондугунда мурдагы ички иштер министри Мелис Турганбаев коло медаль тагынды.

54 жаштагы Турганбаев 76 килограммга чейинки салмактагы алгачкы беттеште түркиялык Зафер Койянды 4:2 эсебинде утуп, жарым финалда жапониялык Тамотсу Какефудага жеңилип калды.

Коло байге үчүн күрөштө польшалык Силвестер Пётр Сцыманскийди 11:0 эсебинде таза жеңип, коло медал алды. Бул тууралуу Биргелешкен күрөш дүйнөсү уюмунун сайты кабарлады.

Ал эми кыргызстандык Чынарбек Изабеков болсо, 46 жаштан 50 жашка чейинкилер арасында 97 килограммга чейинки салмакта күч сынашып, эркин күрөш боюнча дүйнө чемпиону болду.

7-октябрда Польшада башталган ардагерлер арасындагы дүйнөлүк чемпионат 9-октябрда жыйынтыкталат. (ECh)

XS
SM
MD
LG