Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:09

Орусияда кыргыз келиндин өлүмү иликтенүүдө


Орусияда 32 жаштагы нарындык келиндин өлүмү иликтенип жатат. Ички иштер министрлигинин Москвадагы расмий өкүлү Аскат Алиевдин билдиришинче, ал ичкиликке ууланып каза тапкан деген расмий божомол бар.

Маркумдун кесиптештери аны киши колдуу болгон деп шекшип жатышат. Анткени, ага чейин кыргызстандык белгисиз жигиттер ал келинди жана курбуларын “башка улуттагы эркектер менен сүйлөшпөгүлө” деп коркутушканы тууралуу маалыматтар бар.

Бирок Аскат Алиев бул маалыматты чындыкка туура келбейт деп расмий четке какты.

Келин Москванын четиндеги Люберцы шаарында кассир болуп эмгектенген. 3-октбярда жашап жаткан батиринде көз жумган. Артында эки кызы калды. Сөөгү 8-октябрда мекенине жөнөтүлдү. (LzT)

XS
SM
MD
LG