Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:39

Жаштар ассамблеясы балдардын чыгармачыл тобун түзөт


Кыргызстандык таланттуу балдар
Кыргызстандык таланттуу балдар

Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгү 7ден 15 жашка чейинки улан-кыздардан турган чыгармачыл балдар тобун түзөт. Уюмдун басма сөз кызматы билдиргендей, ырдап-бийлеген, актердук шыгы бар жеткинчектер тандалып, аларга кесипкөй адистер сабак өтүшөт. Чыгармачылыктын тышкары, адеп-ахлак жана өзүн эркин алып жүрүү эрежелери да үйрөтүлөт.

Уюм чыгармачыл балдар тобуна сабактар акысыз өтөрүн маалымдады.

Министрликтер менен бир катар долбоорлорду ишке ашырган Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясы Кыргызстанда айыл-кыштактарда таза суу чыгарып, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө материалдык көмөк көрсөтүп, жетим балдарга акчалай жардам берип, мектеп жана мечит куруп келет. (SE)

XS
SM
MD
LG