Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:46

Ооганстандын талиптер жүргөн аймагында тик учак кыйрады


Кундуздагы операция
Кундуздагы операция

Ооган расмийлери Улуттук армиянын тик учагы түндүктөгү Баглан провинциясында кыйрап түшүп, борттогу жети адам мерт болгонун билдирди.

Коргоо министрлиги Орусияда жасалган МИ-17 тик учагынын кыйрашына техникалык мүчүлүштүктөр себеп болгонун кабарласа, талиптер аны атып түшүргөнүн айтышууда.

Тик учак сапар алган Корган-Төбө аймагындагы базаны бир аптадан бери согушкерлер курчап, андагы жүздөй аскер сыртка чыга албай турат.

Соңку айларда талиптер Баглан жана коңшу Кундуз провинциясындагы ооган коопсуздук күчтөрүнө каршы чабуулдарын күчөттү.

Жети күн мурда талиптер Кундузга чабуул баштагандан бери ооган күчтөрү согушкерлер менен кармашып келет. (KKs)

XS
SM
MD
LG