Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:54

Түркиядагы чабуул 18 адамдын өмүрүн алды


Жардыруу Ирак чек арасына жакын жайгашкан Семдинли аскердик тозотунда болгон.
Жардыруу Ирак чек арасына жакын жайгашкан Семдинли аскердик тозотунда болгон.

Түркиянын түштүк-чыгышындагы аскердик тозотко күрт жоочулары жасаган чабуулдан он аскер жана сегиз жайкын тургун мерт болуп, 27 киши жаракат алды.

Стамбулда маалымат жыйынын өткөргөн премьер-министр Бинали Йылдырым бул чабуулду айыптап, жанкечти беш тонналык жардыруучу зат салынган кичиавтобусту жардырып жибергенин билдирди.

Түркиянын “Анадолу” агенттиги бул чабуулду тыюу салынган Күрт жумушчулар партиясы (ПКК) уюштурганын кабарлады.

Өткөн жайда түрк өкмөтү менен күрт жоочуларынын ортосундагы тынчтык келишими бузулуп, андан бери 600дөй түрк аскери жана миңдеген ПКК жоочулар набыт болду. (KKs)

XS
SM
MD
LG