Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:13

Орусияда Борис Немцов эскерилди


Орусияда киши колдуу болгон саясатчылар, журналисттер.Солдон - оңго Политковская, Литвиненко, Естемирова, Немцов, Листьев, Старовойтова.
Орусияда киши колдуу болгон саясатчылар, журналисттер.Солдон - оңго Политковская, Литвиненко, Естемирова, Немцов, Листьев, Старовойтова.

Оппозициялык саясатчы Борис Немцовдун көзү тирүү болгондо 9-октябрда 57 жашка чыкмак. Кечээ Москвадагы маркум өлтүрүлгөн жерге жана анын бейитине ондогон адамдар гүл алып келип эскеришти. Эскерүү акциясы Нижний Новгороддо да өттү. Дагы бир нече шаарда Немцов тууралуу документалдуу тасма көрсөтүлдү. Ал эми Берлинде Борис Немцов атындагы фонд уюштурган эки күндүк алгачкы форум өтүп жатат.

Немцовду Москванын борбордук көчөсүндө 2015-жылдын 27-февралында атып кетишкен. Анын өлүмү боюнча беш киши кармалган. Орусия прокуратурасы Немцовдун өлүмү Чеченстан полициясынын мурунку кызматкери Руслан Мухудиновдун буйрутмасы менен ишке ашкан деп эсептейт. Ал эми Немцовдун жакындары анын өлүмүнө Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыровдун тиешеси бар деген пикирде.

XS
SM
MD
LG