Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:34

Клинтон Орусияны кибер чабуулдар үчүн айыптады


Хиллари Клинтон экинчи теледебат учурунда.
Хиллари Клинтон экинчи теледебат учурунда.

АКШ президенттигине талапкер Хиллари Клинтон Орусия өкмөтү республикачыл атаандашы Доналд Трампка жардам берүү үчүн америкалык уюмдарга жана жеке адамдарга каршы кибер чабуулдарды уюштурууда деп билдирди.

Талапкерлердин 9-октябрдын кечинде өткөн экинчи теледебатында Клинтон жакында катталган ошондой чабуулдар башка ири өлкөнүн АКШдагы шайлоого кийлигишүүсүнүн бир бөлүгү деп айтты. Буга чейин Вашингтон хакерлердин артында Москва турат деп айыптаган эле.

7-октябрда демократтардын талапкери бир топ электрондук документтери уурдалганын, алардын арасында 5 айдай мурун жазылган соода, чек аралар, финансылык реформалар тууралуу аналитикалык көз караштары, кызматкерлери менен жеке кат алышуулары уурдалганын айтып, бул орусиялыктардын колунан келген болушу керек деп болжолдогон.

Ал эми президент Владимир Путинди колдогон, Москва менен алакаларды жакшыртууну жактаган билдирүүлөрү менен белгилүү Трамп атаандашынын айткандарын “күлкү келтирерлик” деп атады.

Кремль кибер чабуулдарга аралашканын четке кагып келатат.

XS
SM
MD
LG